Аялды керектүү деңгээлде кадырлаган коомдор дайыма бактылуу,эркин жана өнүккөн коомдор болот.Аялды барктаган коомдор артка кетпейт,алар дайыма өнүгүп демократиялашат.Ошондуктан аялдарды коргоо жана аларды кадырлоо бүт калктардын бир муктаждыгы.
Ар бир үй-бүлө мүчөлөрү бири-биринин укугун билип жана сыйлашы керек.Биздин эркектер «бул менин аялым, аны эмне кылсам өзүм билем» деген түшүнүк менен жашап келет.Мунун кесепетинен Кыргызстанда аялдардын укугу бузулушунун саны өсүдө.Ошондой эле алардын укугу коомчулук укук коргоо органдары тарабынан корголбой келе жатат.
Play
Stop
Дайындаган:Оморова Асель.