Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн чатырын жаңылоодо “Ата-Мекен” партиясы жардам берген. Абалы начар болгон имараттын ички каналары реммонттолгон.
Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүндөгү врач- гинеколог Бактыкан Абдирешованын айтымында, шайлоого чейин эле “Ата-Мекен” партиясындагы Сайдулла Нышанов төрөт үйүнүн чатырын жаңылап берген.
“Ошондой эле ашкана куруп, УЗИ бөлмөсүн, балдар бөлмөсүн бөлүп оңдоп берген. Андан тышкары суу сактоочу жай куруп, ысык суу, муздак сууну чыгарып бергени жатат”,- деди врач.
Төрөт үйүнүн ички ремонту бүтүп тышкы ремонту калганын медсестра айтат.
“Буга чейин оорукананын ички абалы начар эле. Азыркы учурда толугу менен ички ремонт болду”, — деп маалымдайт медсестра Гүлсара Балтабаева.
Даярдагандар: Бурулсун Алимбек кызы, Аяна Нурлан кызы, Айдай Анарбек кызы, Махира Сапарбек кызы