Токтоянда “Күз берекеси” сынагы болуп ѳттү

787

1

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкѳзов мектебинде жашылча-жемиштердин конкурсу болду. Ошондой эле окуучулар тарабынан жашылча-жемиш, дан ѳсүмдүктѳрүнѳн жасалгалардын көргөзмөсү уюштурулду.

Ар жылы өтүүчү бул сынакка 1-11-класстын окуучулары катышышты. Мектеп директору Калык Албанов сынактын жүрүшү боюнча оюн төмөнкүдөй билдирди.

«Айылда күздүн берекеси ѳзгѳчѳ сезилип турат. Айылдыктардын жашоосунун негизин күздүн берекеси сактап турат деп ойлойм. Бүгүнкү конкурста эң мыкты дайындалган класстар болду. Окуучулар айыл тургундарыбыздын ѳз эмгеги, мээнети, ѳз колу менен ѳстүрүшкѳн дан ѳсүмдүктѳрдүн, жашылча-жемиштердин түрүн алып келишиптир. Укмуштуудай чоң картошка, ашкабак жана башка ѳсүмдүктѳрдү кѳрдүк. Бирѳѳ эле 10-15 кг болгон”, — деп билдирди мектеп директору Калык Албанов.

2

Окуучулар күз жѳнүндѳ хор ырдашып, дилбаяндар окулду. Андан сырткары тарткан сүрѳттѳрүн, дубал газеталарын коргошту.

3

Окуучулар таруу, буурчак сыяктуу ѳсүмдүктѳрдѳн таңкалаарлык жасалгаларды даярдап келгенине күбө болдук.

4

Кээ бир класстар тамак-аш дагы дайындап келишип, дастарконду нанга, тамак-ашка толтуруптур. Ушундай жайылган дастаркон үстүндѳ мугалимдер жакшы каалоо, тилек айтышып бата беришти.

5

Директор эң мыкты даярдаган класстар аныкталганын билдирди. Ал класстар дүйшѳмбү күнкү жумушчу линейкада дипломдор менен сыйланат.

Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Нурпери Нуркасым кызы