Андаракта алма сезону башталды

1507

???????????????????????????????

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында мурдагы жылдарга караганда 2015-жылы алманын түшүмү көп болгонун айтууда тургундар. Багбандар алма бактарын дарылап, карап өстүргөнгө кеткен чыгымы акталганын билдиришти.

Андарак айылынын тургуну Абдысадык Исаковдун болжолдуу 20 түп алма багы бар. Аны ар жылы карап, дарылаганга 200 сомдой кетээрин айтат.

???????????????????????????????

“Бул жылы алма жакшы болду. Бул алманы мен өзүм ар жылы өзүм дарылайм. Дарылаганга анча деле акча кетпейт. Алма өз түшүмүн актайт. Быйыл дарылагандыктан алманын курту да болгон жок”, — деп айтып өттү багбан Исаков.

???????????????????????????????

Исаков алмасын терип Тажикстандын базарына алып барып сатаарын кошумчалады. Ал айылда алманы кайра иштетүүчү завод ачылса, жакшы болмок деп эсептейт.

Айылдык дагы бир багбан Мамиржан Хаджиевдин болсо алма багы Исаковдукуна караганда чоңураак. Ал көп жылдардан бери алма өстүрүп келет. Ал Андарак айылына алманы кайра иштетүүчү завод курулуусун каалабайт.

AlmaSezonu_Andarak (1)

“Мен алманы кайра иштетүүчү заводду курууга толук жооп бере албайм. Алма заводу көп болуп кеткен. Бирок сок чыгарып аны базарга чыгаруу да көйгөй. Анткени заводдон чыккан сокту сатуу үчүн ага базар табуу керек”, — деп билдирди Хаджиев.

???????????????????????????????

“Алмаларды жазында өзүм дарылайм. Дарылаган акчаны алма өзү актайт”, — деп кошумчалады багбан Мамиржан.

Хаджиевдин негизги көйгөйү алманы базарга чыгарыш.

???????????????????????????????

“Быйыл алма жакшы болду. Бул алманы түшүмун базарга чыгаруу – бул биздин көйгөй. Биз эми бул алманы бир аз сактайбыз. Алуучулар келсе сатабыз. Ушул эле айылдан кардарлар болсо сатам. Кардарлар Бишкектен жана башка жактардан келет”, — деп токтоло кетти Хаджиев.

Даярдагандар: Камбар Асан уулу, Нурсейит Төлөнбай уулу, Данияр Бахридин уулу