Андарак: Шарттын жоктугу айылдыктарды башка жакка кетүүгө түртүүдө

1343

KaroosuzUilor_Andarak (1)

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына караган төрт айылда шарттын жоктугу тургундарды көбүнчө ички миграциянын агымына түрткөн. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, тургундар массалык түрдө 1991-жылдан 2000-жылдарга чейин айылдагы үйлөрүн таштап кете баштаган.

KaroosuzUilor_Andarak (2)

Бул айылдагы кароосуз калган үйлөрдүн бири. Мындай тамдар ар бир көчөдө кездешет. Бул үйдүн ээси менен байланышууга мүмкүн болбогондуктан, анын коңшусун кепке тарттык.

KaroosuzUilor_Andarak (3)

Ташбай Убайдуллаев Андарак айылындагы мектепте химия жана биология сабактарын өтөт. Анын коңшусу беш жыл мурда айылдагы үйүн таштап, Бишкек шаарына көчүп кеткен.

KaroosuzUilor_Andarak (6)

“Булар дагы жогорку билимдүү, эки университетти бүткөн. Коңшум өзү кесиби боюнча экономист-бухгалтер. Булардын шаарга кеткенинин себеби жумушсуздук болду. Бала чакасын окутуп, багыш үчүн шаарга көчүп кетти. Алар азыр болгону эле базарда соода-сатык менен иштешет”, — деп айтып берди коңшусу тууралуу Убайдуллаев.

KaroosuzUilor_Andarak (5)

Убайдуллаевдин оюнча, коңшулары балдарын чоңойтуп, окуткандан кийин кайра айылга кайтып келишет.

KaroosuzUilor_Andarak (9)

“Бирок эми алардын балдарынын келишине көзүм жетпейт. Себеби алар шаарда өсүп, шаардын жеңил турмушу менен алпурушуп калды”, — деп эсептейт ал.

KaroosuzUilor_Andarak (7)

Айылдыктарды башка жакка жер которууга мажбурлаган жагдайларга жумуштун жоктугун, суугат суусунун жетишпестигин, жаштарга жер тилкелеринин берилбей жаткандыгын киргизишет тургундар.

KaroosuzUilor_Andarak (10)

Муну Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Баймурат Бекмуратов да тастыктады. Бекмуратовдун белгилешинче, Сумбула айыл аймагы боюнча ички миграция 1991-жылдан тарта эле башталган.

KaroosuzUilor_Andarak (11)

“Айыл аймагы боюнча 2000-жылдарга чейин айылдын көпчүлүк тургундары Чүй облусуна, Бишкек шаарына көчүп кетишкен, ал эми чет өлкөгө кеткендердин саны салыштырмалуу аз”, — деди Бекмуратов.

KaroosuzUilor_Andarak (12)

Акыркы 15 жылдан бери да ички миграция байкалганы менен мурдагыдай массалык түрдө көчүп кеткендер болбогонун кошумчалады айыл өкмөт башчысы.

KaroosuzUilor_Andarak (13)

Бекмуратовдун айтымында, Сумбула айыл аймагына караган Андарак, Искра, Сары-Дөбө, Көк-Таш айылдары боюнча каттоодо тургандардын саны 14 миңдей болсо, анын ичинен айылдарда жашагандардын так саны 9-10 миңдин тегерегинде.

KaroosuzUilor_Andarak (15)

Айыл өкмөт башчысы тургундарды чек ара аймагына жакын жайгашкан жерлерде кармап туруу үчүн аларга шарттарды түзүп берүү керек деп эсептейт. Ал үчүн айдоо жерлерине суугат суусун чыгарып, айылдын дыйкан чарбасын өнүктүрүү керектигине токтолду.

“Мен жакында Кытайга барып, Нинся автономдук району менен айылга суугат суу чыгаруу, дыйкан чарбасын өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукцияны кымбат баада экспорт кылуу боюнча чогулушка катышып келдим. Эми Баткен облусу менен Нинся району меморандумга кол койсо, кызматташуу баскычы башталат”, — деди Сумбула айыл аймагынын башчысы Бекмуратов.

KaroosuzUilor_Andarak (14)

Бул программа 2016-жылдан баштап ишке кирип калуусу ыктымал. Эгерде ушул программа ишке кирип калса, айылда шарттар түзүлүп, ички миграция агымы азайып, жакшы жашоо издеп кеткен тургундар айылга кайтып келет, деп ишенет Бекмуратов.

Даярдаган: Тимур Улукбек уулу