Тасма: Мектеп формасы боюнча бир чечимге келишти

2164

image

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде окуучулардын мектеп формасы чечилбей, айрымдары арзан форма-фартук кийгизели десе, кээ бир ата-энелер болсо жаңы бирдиктүү формага өтөлү деп жатышкан. Акыры бул маселе чечилип, мектеп админициясы ата-энелер менен биргеликте чогулуш өткөрүп, үстүңкү бөлүгүнө ак, ал эми астынкы бөлүгүнө болсо кара түстө кийгизүүгө токтолушту.

Бул формага өтүү үчүн жаңы жылга чейин мөөнөт берилди. Сопиев мектебинин окуу-тарбия боюнча директордун орун басары Кундуз Шалтабаева ак-кара формага ата-энелер эжей-агайлар менен бирдикте 1-сентябрдан тарта жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин аныкталды деп билдирди.

«Бүткүл дүйнөдө ак-кара негизинен баардык жерлерде бар. Үстү ак, асты кара ар кандай ишканаларда расмий кийим болуп эсептелет. Ошондуктан биздин мектеп да ушундай формага токтолгону жакшы болду», — дейт Шалтабаева.

Аталган мектептин мугалими Венера Жаманакова  кесиптешин колдоп, биз тандаган форма окуучуларга жакшы жарашат жана сатыкта дагы көп деген оюун айтты.

«Биринчиден баардыгы бирдей болуп бир өңчөй болушат. Азыр кийимдердин сапаты анча жакшы эмес. Бирок акчасы кымбатыраак формалардын сапаты дагы жакшы», — деди ал.

image

Айыл тургуну ата-энелердин бири Белек Саадабаев тандалган форманы колдоорун жана бул форманы сатып берүү дагы анча маселе жаратпаарын билдирди.

«Бул форманы тандап алуу эң жакшы тандоо болду. Анткени окуучулар менен мугалимдер кийингенде айырмасы жок болуп калган. Окуучулардын ак-кара формага өтүүсү алардын окуучу экенин айырмалоочу кийим болот», — деген оюун айтты.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Кишимкан Рысбек кызы, Нуржамал Улан кызы, Нестан Өмүрбек кызы