Андаракка төрөт үйү керек

766

TorotUi (1)

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында бир жылдан бери төрөт үйү иштебей келет. Буга чейин атайын комиссия келип текшерип, талапка жооп бербегендиктен жабылып калган.

TorotUi (2)

Андарак айылындагы төрөт үйүнүн медайымы Мавлюда Батырованын айтымында, бир жыл мурда комиссия келип, төрөт үйү талапка жооп бербегендиктен жабылып калган.

TorotUi (4)

“Бул жерге гинеколог, акушер жана башка дарыгерлер керек экен. Андан сырткары төрөт үйү ачылып калса, санитаркалар бир сутка иштеп, эки сутка эс алышы керек. Буга биздин өкмөтүбүз айлык төлөп бере албайт”, — деди Батырова.

Айылдык медайымдын билдиришинче, жардам сурап кайрылган бейтаптар көп болууда.

“Өтө муктаж болгон бейтаптарга жардам берип жатабыз”, — дейт ал.

TorotUi (3)

Айылдык дарыгерлер Исфана шаарындагы ооруканага жардам сурап кайрылып көрүшкөн. Бирок мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каралаарын айтат Батырова.

Андарак айылынын тургуну Гүлжан Исманова көптөгөн кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.

“Биз аял киши болгондуктан ооруп калсак шаарга жетүү кыйын болуп жатат. Исфана шаарындагы төрөт үйүнө кайрылып жатабыз”, — дейт Исманова.

TorotUi (5)

Айылдын дагы бир жашоочусу Айчүрөк болсо, анализ тапшырууда кыйынчылыктарга дуушар болгонун айтып өттү.

“Төрөт үйүндө анализ тапшырууда кыйынчылык туудуруда. Анализ тапшыруу үчүн шаардагы оору канага кайрылып жатабыз”, — деген оюн билдирди айылдын тургуну.

Даярдагандар: Мунара Малабаева, Асель Каарова, Нурислам Жанибеков