Бакай-Ата айылында Курман айт намаз окулду

735

121026151317_kyrgyz_bishkek_osh_eid_976x549_bbc_nocredit

Бакай-Ата айылында саат 8:00 до Курман айт намаз окулду. Айт намазга Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Намат айылынан келген 300 дөй адам катышты. Курман айт орозо айттан кийин 70 күндөн кайталанып келет. Бул күн Мусулман календары боюнча Зуль – Хиджаайдын 10-чу же 13-күнү майрамдалат жана Меккеге Сауд Арабияга барып сыйынып келүү менен жыйынтыкталат. Ыйык Куранда ар бир колунда шарты бар адам Меккеге барып сыйынуусу милдет делген.

20150924_075810

Курман айт майрамында болсо Азирети Ибрахим пайгамбардын, алайхис салам, өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Азирети Исмаил пайгамбарды, алайхис салам, курмандыкка чалууга камдануусун жана Исмаил пайгамбардын да өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп бергендигин, анан да Аллага чын жүрөктөн берилүүнү туюнтуу ниетинде малдарды курмандыкка чалуунун жана ошондой эле жогоруда аты аталган эки пайгамбардын Алланын бу дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүнүн сүйүнүчтөрүн майрамдашат.

Ошондой эле Курман майрамынын арапа күнүнүн (айттан мурунку күндүн) өзгөчө пазилети бар. Анткени ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген вакфа (Арафат тоосунда туруу) ушул күнү аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келишкен момун мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Аллага жалынып жалбарышат. Арафаттагы мындай көрүнүш мусулмандардын биримдик менен биртуугандыкка маани берүүлөрүн ачык-айкын айгинелейт.

Даярдаган: Халмуратова Айчолпон