Бангиликке каршы күрөшүү күнү белгиленди

4058

Бангиликке каршы күрөшүү күнү адаттагыдай тургундарга лекция окуу же жолугушуу  эмес, спорттук оюндарды өткөрүү менен белгиленди.   Аялдар арасында волейбол, ал эми эркектер арасында футбол оюну өткөрүлдү.Бардык мекемелерге бул боюнча алдын ала  маалымат берилгени менен   спорттук мелдешке жалпы 10 команда катышты. Ак-Талаа райондук оорукканасынын дарыгери Мамашарипов Райымберди аталган иш чаранын максаты тууралуу  уюштуруучу катары буларды билдирди:

20150919_104200[1]

“Акыркы жылдары негедир туура  эмес жолду тандап алган, бангилик   менен жабыркагандар,ВИЧ  СПИД  оорусу   менен ооругандарыбыз   күчөп кетти. болууда.Ак-Талаада жергесинде да акыркы 3 жылда көрсөткүч жогору. Бүгүнкү иш чаранын максаты  бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарып, ушул ооруларга биригип, аракечтикке, бангиликке  бөгөт коюу. Өсүп келаткан муун ушул оорулар менен жабыркабаса деген ойдо уюштурдук”.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова