Тасмада жайкы талаа иштери аяктады

622

Түп районунун Тасма айылында малга тоют, буудай, арпа, чөптөрдү жыйноо иштери аяктады. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу эгин жакшы болду дешет айыл тургундары.

Былтыркы жайкы түшүмгө элдер нааразы болушкан. Себеби былтыр суу жок,
күн ысык болгондуктан эгиндер күйүп кеткен. А быйыл болсо былтыркыга салыштырмалуу эгин жакшы болду дешет айыл тургундары.

Тасма айылынын тургуну Мейманкул Сооронбаевдин айтымында, мээнет кылып баккандардын эгини жакшы чыккан. Ал эми бакпаган, жерди иштете албагандардыкы, суугарбаган элдердин түшүмү орто болду дейт ал.

«Быйылкы түшүм кудайга шүгүр. Себеби былтыр кургакчылык болгон. Эми быйыл жаан-чачын болду, сугаргандардын түшүмү жакшы болду. Начар деле болгон жок. Эң негизгиси каражат жетишпегендики орточо болуп калды. Ал эми каражат бар, иштеткендердики жакшы болду», — деп билдирди Сооронбаев.

Быйылкы жайкы талаа иштеринде комбайнчылардын иши чоң болду. Бир гектар жерге миң сом алышты. Былтыр тургундардын эгини аз чыгып, комбайындын акысы да жогору болду деп тургундар нааразы болушкан эле.

Учурда айылда 12дей комбайн бар. Комбайнчылардын бири Эрлан Болотбеков беш жылдан бери комбайн айдап, элдин түшүмүн жыйнап иштеп келет.

Анын айтымында, былтыр элдин түшүмү начар чыгып калып, камбайындын акчасын актабай калган.

«Жайкы талаа иштери жакшы болду. Эл үчүн дагы. Былтыркыга караганда жакшы эле түшүм берди. Баасы миң сомдон болду», — деп бөлүштү комбайнчы Болотбеков.

Айыл тургуну Албан Кожокевдин быйыл жазга жеткендей кенен малга тоют даярдаганын айтат.

«Быйыл түшүм кудайга шүгүр жакшы болду. Былтыр малга чөп жетпей жазында малдар көтөрүм болушкан эле, быйыл чөп жакшы чыгып кенен даярдадык», — деди ал.

Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Айдана Саякова, Рыскулбек Тилеков, Бакберген Албанбай уулу
играть бесплатно в игровые автоматы без регистрации