Арык-Тейиттин тургуну Жусуп Каримов 20 жылдан бери ат жабдыктарын жасайт

867

1 (5)

Жусуп уста Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылынын тургуну. Ал камчы, жүгөн жана башка ат жабдыктарын жасайт.

Жусуп уста тубаса майып болгондугуна карабай учурда ар кандай ат жабдыктарын жасайт. Ал жасаган эмгектерин өзү базарга алып барып сатса, айрым учурларда буйрутмаларды алат.

1 (4)

Ал 25 жаштарында алгачкы камчысын жасаган. Уста ошол камчысын бир ай убакыт аралыгында жасап бүтүргөн. Ошондон тарта бул өнөр менен алектенип  келет.

Элдин буйрутмасын кабыл алуудан сырткары, бут кийимдерди оңдоп-түзөйт. Бул өнөрдү  ага эч ким үйрөткөн эмес.

1 (7)

Азыр эми көп жылдык тажрыйбасынан кийин ал бир камчыны эки күндө жасай алат.

Даярдаган камчыларын 500дөн, ал эми  жүгөндөрүн 4000 миң сомго чейин сатат. Мамлекеттен алган 5000 сомдой жөлөкпул ага жетпегендиктен камчыларды Ош, Ноокат базарларына алып барып сатып, үй-бүлөсүн багат.

1 (9)

Даярдаган буюмдарын кайыштан жасайт. Кайыштарды буйрутма аркылуу алып келет.

Анын көпчүлүк кардарлары улакчылар. Ал эми айрым учурларда көзү ачыктарга да эки баштуу камчы жасап берген учурлары болгон.

1 (8)

Ал эки уул, бир кыздын атасы. Учурда кичүү баласы жана жубайы менен жашайт.

Даярдагандар: Айкынбек Дарбишов, Амангелди Шакиров, Марлен Жамалов