Участкалар шайлоо өткөрүүгө даяр

1414

Дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа аймактык  өкүлү  Т.Казиев.  Район  боюнча учурда 20  шайлоо  участкасы бар. Бардыгы 4-октябрдагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даяр жана ар бири керектүү техникалык каражаттар  менен камсыз болгон.

20150910_142932[1]20150915_094148[1]

Тургундар шайлоочулардын тизмесинен  “өзүңдү текшер”   кампаниясына катышып,  тизмеде бар же жок экенин такташууда.

20150910_141109[1]

Т.Казиев   “Шайлоо өткөрүү  үчүн даярдыктарыбыз жакшы. Бюллетендер үчүн урналар келген.Шайлоо комиссиялары иштеп жатат. Тизмеде жоктор  өздугүн аныктаган документи менен шайлоо участкасына келип, атайын үлгүдөгү баракча толтуруп, катталып кетсе болот”  дейт.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова