Лейлекте Эгемендүүлүк майрамы белгиленди

700

IMG-20150831-WA0004
Бүгүн Лейлек районун борбору Исфана шаарында Эгемендүүлүк майрамы белгиленди. Анда Лейлек районун акими Тилеберди Арипов жана бир топ кызматкерлер катышты.

IMG-20150831-WA0000
Майрам саат 10:00 дө башталды. Ал жерде орто эсеп менен 2000 миңге жакын эл чогулуп, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн майрамдап жүрдү.

Көз карандысыздык майрамы жакшы майрамдалып жатканын аким Тилеберди Арипов билдирди:

“Бүгүн Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүк майрамын белгилеп отурабыз. Лейлектин алыскы айылдарынан келген эл да келип отурат,”- деп билдирди.

IMG-20150831-WA0002

IMG-20150831-WA0003

Бир аптанан бери жамгыр жаап Эгемедүүлүк майрамында күн ачылып кеткенине Зиябидин кубанып отурат.

“Майрам негизинен мага жакты. Бир аптанан бери жамгыр жаап турганда отуз бириде да жамгыр жаап майрам жакшы болбой калабы деп тынчсыздандым,”- деп билдирди.

IMG-20150831-WA0007

Эл бири-бирине майрамы менен кутуктап, элдин кубанычы өтө чоң.

Жайнагүл кыргыз элин куттуктап өттү.

“Бардык Лейлекти бүгүнкү эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Кыргызстан мындан ары өнүгө берсин демекчимин,”- деди ал.

Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына футбол, Лейлек күрөш оюндары болот.
Майрам концерттик программа менен коштолду.

Даярдаган: Камбар Асан уулу