Кошбулакта көмүр өндүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы белгиленди

973

20150830_120650

Көмүр өндүрүүчүлөрдүн шаары болгон, Улуу ата-мекендик согуш жылдарында «Орто Азиянын кочегары» аталган 150 жылдык тарыхы бар, «Түпкүрдөгү Нур» каймана аты менен белгилүү болгон Сүлүктү шаарынын жергиликтүү калкы эки күндөн бери «Көмүр өндүрүүчүлөрдүн Кесиптик» майрамын кызуу белгилеп жатат.

Бул майрам дээрлик ар бир үй-бүлөдө майрамдалат. Ким кандай сыйлык алды, кимдин эмгек жамааты жакшы белгиледи жана башка ушул сыяктуу темалар дээрлик бир жума бою коомчулукта кызуу талкууланат. Анткени карапайым шахтёрлор плазменный телевизор, муздаткычтан баштап авто унаага чейин баалуу сыйлыктар менен сыйланат Жок дегенде килем же пылесос алып кыскасы сыйлык албай калган карапайым шахтёр болбойт. Ошондой эле ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар да болот. Аның үчүн атайын Кыргыз Көмүр ишканасы, Энергетика министрлиги жана башка тиешелүү жактардан атайын Өкүлдөр келет.

«Быйылкы жылы өтө чоң шаан шөкөт менен белгиленди. Бир гана өкүнүчтүү жери «жарым акциясы мамлекеттик болгон Сүлүктү көмүр Акционердик коому» мурдагы «Сүлүктү шахта башкармалыгы» өткөргөн жок. Биз пенсионер кенчилер көпчүлүгүбүз ошол жактан пенсияга чыкканбыз. Биз үчүн ал жер экинчи үйүбүздөй эле болуп калган. Бирок жеке шахтада иштеген неберем 30 миң сом акчалай жана бир плазменный телевизор сыйлык алып келип баарыбыз кубанып олтурабыз»- дейт Ардактуу шахтёр. Пенсионер Шайдуллаев Анаркул аксакал.

20150830_094532

( сүрөттө шахтерлор чай үстүндө)

Кенчилер майрамынын дагы бир өзгөчөлүк жагы ар бир жамааттардын мечиттеринде эртең мененки намаздан кийин каза болгон кенчилерге арналып куран окутулат жана иштеп жаткандарга Ак Бата берилет.

20150830_101758

(Сүрөттө шаардын баш имам хатиби Молдо Муса Жолдошев жана молдо Артык Ак бата берип жатат.)

Кабарчы:              Б. Сапаркулов