Түндүк-түштүктү бириктирген жолдун курулушу кандай жүрүүдө?

1789

Sarybulun_Jol (8)

Өлкөнүн түндүгүн түштүгү менен байланыштыруучу экинчи альтернативдик жол бир жыл мурда салына баштаган. Учурда жол Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айыл аймагына чукулдап калды.

Sarybulun_Jol (12)

Жолдун салына башташы менен быйыл жаз мезгилинде Казарманга асфальт-бетон заводу курулган. Учурда айылдын аймагында жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Тогуз-Торо райондук жол иштери боюнча координатор Марат Рысалиевдин айтымында, салынып жаткан жолго үч катмар асфальт төшөлөт жана ал сентябрдын аяк ченинде башталмакчы.

Sarybulun_Jol (10)

“Кышкы суукка, жайкы ысыкка чыдамдуу болот бекенин билүү үчүн сентябрдын аяк ченинде бир жарым километрге чейин асфальттап көрөбүз. Кудай буйруса, 2016-жылдан асфальттай баштайбыз. Биздин асфальт үч катмар болот”, — деп билдирди Рысалиев.

Рысалиевдин айтымында, Казарманда кышкысын суук 40-45 градуска чейин жетет. Асфальттын суукка чыдамдуулугун аныктоо үчүн быйыл текшерип көрүү иретинде асфальт төшөлмөкчү.

Sarybulun_Jol (11)

Альтернативдик жолго толугу менен асфальттын төшөлүшү 2016-жылдан тарта башталмакчы.

Рысалиев кошумчалагандай, азыр жолдо иштеген адамдардын көпчүлүгү кыргызстандыктар, ал эми алган маяналары 8 миңден 22 миң сомго чейин.

Sarybulun_Jol (7)

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Тойгонбай Молдобаев, салынып жаткан жолдун 80 пайыздан көбүрөөк бөлүгү аталган айыл аймагынан өтөөрүн белгиледи.

Жол куруп жаткан кытай ишканасынын базалары да аталган айыл аймагында жайгашканын айтат Молдобаев.

“Бүгүнкү күндө иштеп жаткан адамдардын эмгек акысына эсептелүүчү киреше салыгынын 50 пайызы айыл өкмөтүнүн бюджетине келип түшүүдө. Жарым жылдын ичинде жергиликтүү бюджетке кошумча 150 миң сом түштү”, — деди Молдобаев.

Sarybulun_Jol (6)

Молдобаевдин айтымында, келечекте жол бүтүп калса, айыл аймагынын инфраструктурасы бир топ өзгөрөт. Себеби түндүк-түштүктү бириктирген эң негизги жол болуп калаары күтүлүүдө. Анын белгилешинче күнүнө беш миңге чейин жүргүнчү өтмөкчү.

Ал эми инфраструктура үчүн жерлер 2016-жылдан тартып бериле баштайт.

Sarybulun_Jol (5)

Жолдун курулушуна иштеп жаткан Сары-Булуң айылынын тургуну Акыл Кудагелдиев, түндүк-түштүк альтернативдик трассасынын көпчүлүк бөлүгүндө кеңейтүү жумуштары аяктап калганын айтты.

Салынып жаткан жолдун айыл үчүн ордун жергиликтүүлөр баса белгилешет. Алар келечекте Казарман чоң шаарга айланат деп ишенишет.

Sarybulun_Jol (1)

“Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун салынышынын Казарман айылы үчүн орду чоң. […] Альтернативдик жолдун негизинде анын боюнан Казарманды бир чоң шаар катары келечекте көрө алсак болот”,- деп ишенет Казармандын тургуну Шераалы Бекташов.

Автор: Билимбай Тойгонбай уулу