Сумбулада орнотулган лампалар күйбөй жатат

828

Сумбула айыл округунда жарыктык анча берилбей жатат. Анткени мындан 1-жыл мурда айыл тургуну Таалай мырза айыл эли үчүн жарыктык коюп берген. Азыркы убакта ал жарык берүүчү лампалар күйбөй айыл эли азыр алда канча кыйынчылыкта.

1 (2)

Мындан 1-жыл мурун айыл эли кечкисин жолдо жакшы жүрүү үчүн жана айылдын жарыктануусу үчүн айылыбыздын патриот тургуну Таалай мырза 15-жарыктык кылуучу лампаларды коюп берген. Таалай мырза бул жарыктык лампаларды Бишкек шаарынан өзү демөөрчүлүк кылып алдырып коюп берген жана эл ага ыраазы болушкан. Бул лампаларды Таалай мырза эмнеге өчүп калганын билбестигин айтат:
-“Мен бул лампаларды өзүм айылым үчүн коюп бергем. Биринчи койгондо эл ыраазы болуп өзүм да эл да кубанып жатты. Анан мен эл үчүн көптөгөн дагы башка кызмат кылууга даяр болдум. Бирок бул лампалар биринчи кпелгенде жакшы эле жарык берип турчу эми эле өчүп калды. Бирок буга элдин маанайы чөкпөстүгү үчүн дагы да ондоп берүүгө аракет кылам деп жооп берди Таалай мырза”.
2 (2)
Айыл тургундары буга чейин жарыктыкта жүрүп бирок азыр жарык анча жоктугунан себеп көчөдө жакшы жүрө албаганын айтат. Жана дагы алдыда дагы патриот демөөрчүлөр чыгат деген үмүттө.
3 (2)
Айыл электриктери төмөнкүлөрдү билдирди:
-Ушуга чейин жакшы эле күйүп турчу жакында эле өүп калды эмнеге дегени кышында бул лампаларды суук урган окшойт азырынча ачып көрө элекпиз бирок албетте бул лампаларды ондошко аракет кылабыз деп билдирди.
5 (2)
4 (2)
Ушул күнгө чейин кышында да ушул жарыктык аркылуу спортзалга баруучу айыл тургуну Бекжан Гайназаров да айтып кетти:
-Жарыктык биринчи коюлганда абдан сүйүнүп көчөдө кенен жүрүп калчубуз. Кышында жазында качанда болсо спортзалга кечинде ушул чырак тын арты менен барчумун. Азыр эми көчө карангы спортзалга бара албай жатабыз”- деп билдирди.
Эми буюрса бул маселе чечилип айыл эли дагы кубанып каалаган убакта көчөлөрдө жүрө алышат. Жана дагы айыл өкмөтү да бул маселени кароону чечти.
Кабарчы: Амантур Ганыев