Кошбулакта жол оңдоло баштады

699

20150826_155022

Кошбулактагы «Камчатка» аймагынын негизги автомобиль жолуна биринчи жолу капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды.

Белгилей кетсек Ш.Джураев. жергиликтүү лексикондогу «Камчатка» аймагы 1983- жылдары СССРдин «Москва аркылуу камсыздоо» долбоорунун алкагында түзүлүп башталган. Генералдык- Архитектуралык жана Стратегиялык өнүгүү планына ылайык, бул аймакка шаар көчүрүлүп чыгуусу каралган. Бирок «кайра куруу» доорунан баштап аткарылуучу ой-максаттар мифке айланып, кара курсактын айынан көптөгөн сүлүктүлүктөр  башка жакка көчүп кеткени баарыбызга маалым.

«көмүр өндүрүү жаңыча усул менен жеке ишкерлер аркылуу колго алынып, жакшы жолго коюлуп акырындап өнүгүү жолуна түшүп баштап, «ат айланып казыгын табат»- дегендей кайра келгендер улам көбөйүп олтуруп акыркы убакта бул аймакка Эл батпай кеткен. Өз учурунда социалдык- инфраструктуралык бир топ көйгөй жаралуусун пайда кылды. Элдик жыйындар аркылуу белгилүү болгондой артыкчылыктуу койгой болуп автоунаа жолу аныкталган болчу. Мына бүгүн ушул жолду оңдоп түздөө иштери башталды.

Кабарчыбыз иликтейт:

«Бул автоунаа жолунун абалы өтө оор болуп,  көйгөйлүү маселе катары чечилбей келүүдө. Быйлкы жылы коомчулуктун күчү менен баштадык, жергиликтүү бюджеттен 1 сом жок. Р. Жолбаев айылынын башчысы Зарип Арипов бир камаз соляркасы менен, Рысбек Жураев    бир «самсунг» соляркасы менен, Ш Джураев аймагынын төрайымы Э. Абдуллаева элден 2  миң сом, жана башка болуп көп түкүрсө көл болот дегендей каражат топтолуп иш башталды. Чындап маселе орчундуу болгондуктан Эл жапа тырмак колдоого алды. Буйруса сонун жол болот»- дейт Кошбулактын башчысы  Б. Сапаркулов.

20150826_131557

Кабарчы:           А Тухтаров