Элдин нааразычылыгына карабастан “Шыралжын” алтын кени иштетилет

2038

IMG_0601

“Шыралжын” алтын кени казыла баштаса, Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын тургундары таза сууга зыяны тийиши мүмкүн деп кооптонууда. Ишкананын жетекчилери болсо, кооптонууга эч кандай негиз жок деп билдирүүдө.

“Шыралжын” алтын кени жайгашкан тоодон агып түшкөн суу Наматбек айылын таза суу менен камсыздайт. Айыл тургундары алтын кени казыла баштаса таза суу маселеси жаралат деп кооптонууда.

Кен иштетилгенде чаң каптап, ал сууга түшүшү мүмкүн, дейт айыл тургуну Самат Алымбеков. Андан сырткары ишкана элдин толук макулдугун албаганын айтат.

“Элден сураганда толук макулдугун берген эмес. Элден алдамчылык жол менен кол койдуруп ачылган компания. Мен өз көзүм менен көргөм “Шыралжын” кенинен радиация 68 көрсөткөн”, — деди Наматбек айылынын жашоочусу Алымбеков.

Айылдыктардын ден-соолугуна жана өсүмдүктөргө зыяны тийет деген кооптонуусун билдирди айылдын дагы бир тургуну Жаныбек Асеев.

Наматбектик Анвар Айдаралиев алтын кенинин казылышынан келип чыккан зыян тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин айтат.

“Биздин кен байлыктарды алып кетип жатканга мен каршымын. Анткени өзүбүзгө калса жакшы болмок деп ойлойм. Булар зыяны жөнүндө эч кандай маалымат берген жок. Жабык түрүндө тунел аркылуу казылып алынат деп малымат берген”, — деп айтты Айдаралиев.

Бирок айылдыктардын баары эле “Шыралжын” кенинин иштетилишине каршы көз карашта эмес. Наматбектин тургуну Нурбек Чойбеков, зыяны жок, адистер келип текшерип кетишкен дейт.

“Көз карашым жакшы. Анткени Талас облусунун эл журтуна, айылдарга жакшы болот. Зыяны жок. Адистер келип текшерип кеткен, зыяндуу кылбай иштетебиз деп жатат”, — деп эсептейт Чойбеков.

“Шыралжынды” чалгындап иштетүү угукун алган “Алтын-Күмүштак-Майнинг” компаниясы жергиликтүүлөрдүн каршылыгына башынан бери кабылып келүүдө. Компаниянын генералдык директору Жаныбек Кубандыков 2017-жылдын башында алгачкы өнүмдү алуу күтүлүүдө дейт.

“Өкмөт тарабынан 17 ай мөөнөт берилип, 2017-жылдын башы, 2016-жылдын аягында биринчи продукция алынсын деп тапшырма коюлган”, — деп билдирди Кубандыков.
Ишкананын курулушунда жаратылышка зыяны тийбей турган техникалар орнотулуп жаткандыгын жана жакын арада жайгашкан кыштактарга зыяны тийбестигин айтат Кубандыков.

Даярдаган: Асан Сүйүтбеков