Үч-Коргон: 90 жаштагы Улжан апанын өмүр таржымалы

619

?????????????

Уулажан  апа Ахунжанова Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал азыркы күндө 90 жашка толуп уул кыздардын, неберелердин сый урматын көрүп олтурат.

Ахунжанов Марифжан Уулжан апанын бир тууган иниси, анын айтымында Уулжан апа  15 жашында эрте турмушка чыгып кеткен. Турмуштун оор түйшүгү апаны да четтеп өткөн жок ал бул жолдо көп кыйынчылык жана сыноолорго кабылып аларды чыдамдуулук менен жеңип өткөн.?????????????

41-жылдары кандуу согуш башталып, бул согушка Уулжан апанын күйөөсүда жол алып кайра кайтпай калган. Апа жалгыз башы менен айласын таппай турган кезде бир тууган синдиси каза болуп, алты бала тоголок жетим калат аларды апа өз тарбиясына  чоңойтуп бой жеткирген.

?????????????

Үч-Коргон колхозунда жетекчи болуп эмгектенип, айылдын активистеринен болгон  айылдык кңеште депутаттык кызматтарда да көп жылдар бою адал эмгектенген. Биринчи лидер айымдардан болуп табылган. Көптөгөн  сыйлыктардын, мактоо баракчаларынын ээси болгон.

?????????????

«Ошол согуш мезгилдеринде эркектер аз болуп аялдарга көп жообкерчиликтер жүктөлгөндүгүнө байланыштуу Уулжан эжем талаа иштерин  мойнуна алып айылдын кампасын толтурууда зор жетишкендиктерге алып келген»,-дейт Ахунжанов Марифжан.

?????????????

Неберелеринин айтымында азыр апа 90 жашка чыкса да тетик жакшы маектеше алат. Бишкек шаарындагы аялдардын конгресине катталып, апа китеп жүзүнө жарыкка чыгышы күтүлүүдө. Бул туурасында Рано Ташкенбаева билдирди.?????????????

Даярдаган: Арипов Атабек