Сумбулада жайыт ачылды

993

06082015934
Сумбула айыл округунда чөп жайыты ачылды. Быйылкы жылы чөп жайыты август айында эле бүттү. Анткени быйылкы жылы комбайн жана тракторлор башка жактардан да келди.

1
Быйылкы жылы дан-чөп түшүмү мол. Ал эми жакында эле айыл элинин малдары үчүн жайыт да ачылды.
Маалымат боюнча айыл өкмөт башчысы Бекмуратов Баймурат төмөнкүлөрдү айтып өттү:
“Быйылкы жылдын дан-оруу иштери мына август айында аяктап атат. Быйылкы жылы дан жана чөп биздин элибизге жалпы эле Сумбулага түшүмдүү болду . Ар бир айыл тургуну 1-гектар жерден 2-тонна буудай жана арпа, ал эми чөп 1машина чөптөрдөн алды. Эл бул түшүмгө шүгүр кылып ыраазы болду. Эмки жылы да буюрса ушундай мол түшүм алабыз деген ишеничтебиз” – дейт Бекмуратов
2
3
Айыл тургундары ыраазы болгону чынында эле кубанычы койнуна батпай турганы билинип турат. Былтыркы жылы айыл тургундар чөпкө муктаж болгонун билдирет. Эми жайыт ачылып жайлоодон малдар келет.
Жайыт кароолу Дүйшө мырза төмөңкүлөрдү билдирди:
“Буюрса түшүм мол болду жана эми жайыт да ачылды эми элдер малдарын жайлоодон алып келип малдарын кенен жайса болот . Бирок уулу оттордон абайласа дейт “.
4
5
Быйылкы жылы кышка камдануу буюрса жакшы.
Кабарчы: Амантур Ганыев