“Ак Мөөр-2015” сулуулар сынагына Баетовдон төрт кыз катышат

2631

20150726_200957[1]

1-августа Соң-Көл жайлоосунда  Манас фестивалынын алкагында “Ак Мөөр-2015” сулуулар сынагы өтөт. Мына ушуга  байланыштуу Ак-Талаа  райондук маданият үйүндө  сулуулар сынагынын тандоо туру  өттү.

Сынакка райондун аймагынан 6 кыз катышып, атайын белгиленген тапшырмалар боюнча күч сынашты.

20150726_192336[1]

Cынактын жүрүшүндө калыстар тобу иштеп,кыздардын сахнада алып жүрүү, өзүн тааныштыруу, ырдоо, бийлөө  маданияты боюнча сындан  өткөрүштү. Кыздар айрым тапшырмаларды аткарууда даяр эмес экендиктерин көрсөтүштү.

20150726_191524[1]

Жыйынтыгында  4 кыз Эсенгелди кызы Нуриза, Узак кызы Турсунай, Жаныбек кызы Нурия  жана Адылбекова Кайыргүл  сынактын  Соң-Көл жайлоосунда өтүүчү туруна жолдомо алышты. Алар сынакта Ак-Талаа районунун намысын коргошот. Ошол себептүү айылдык клубдун жетекчилерине катышуучу кыздарды сынакка даярдоо жагы тапшырылды.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова