Кошбулактын негизги жолуна асфальт төшөлөт

613

10498689_594934010620278_7289445532069864437_o-1

Шайлоонун шарапатыбы же чындап эле жаңы Өкмөт Башчы Т. Сариев «жаңыча» иштеп жатабы айтор элет жерлериндеги шаарчалардын тургундарынын көктөн күткөнү жерден табылып отурат.

Буга чейин жергиликтүү маанидеги жол деп Өкмөт тарабынан  «маани берилбей» келсе, жергиликтүү бюджет тартыш болуп, союз бузулгандан бери оңдолуп түздөлбөгөн «ички жолдорубуз» «республикалык бюджеттин» эсебинен оңдолмокчу. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алыскы кичи шаарлар үчүн жайылтылган. Долбоордун алкагында облусубуз боюнча төрт кичи шаарча камтылып, анын ичинен Кошбулак поселкалык аймактык башкармалыгы да бар.

Бул боюнча Аймактын башчысы Б. Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди: -«Ооба Кошбулактын негизги стратегиялык жолу Республикалык бюджеттен асфальт төшөлүп оңдолуп түздөлмөй болду. Жакында Өкмөт тараөынан тендер болуп мына бүгүн тендердин жыйынтыгы бизге маалым болду. Кошбулактагы жалпы узундугу 2 км ашык, эни 6.3 метр болгон жолго асфальт төшөө тендерин Исфана шаарында катталган «Ак-Тилек»  Акционердик Коому утуп алып, жакын арада жумуш баштоонун алдында турат. Бул жол менен медициналык, билим берүү жана өндүрүштүк мекемелер менен бир катарда жалпы тургундар да колдонуучу ортолук жол. Чеги: Санэпид көзөмөл борборунун астынан шаардык ооруукана, төрөт үйү, аялдамасы болуп,  Т. Марипов көчөсү бойлото «Мурас» балдар бакчасы, №7- мектеп, Пед Колледж, Борбордук Мечит, Поссовет, «Баластан» балдар бакчасы, Көмөкчү мектеп интернаты, ИИБ (милиция), «Сүлүктү Көмүрдүн » Имараты. Сот, Прокуратура, ОсОО Т. Марипов, ОсОО «Нур», «Поликлиника №3″ аялдамасы, болуп. Д. Жороев мечитине 200 метр жетпей токтойт» узундугу 2 км 200 метр. Ремонттоо иштери бүткөндөн кийин маршруттук каттам ушул жол боюнча «айланма» болуп каттап союз убагындай каттам болот. Жумушту көзөмөлдөп турабыз, зарыл шарттын баарын түзүп беребиз»- деп маалымат берди. Өкмөткө чоң ыракмат, сага «оозуңа май» дейбиз.

Кабарчы:       М. Исканов