Кара-Булак айылына жаңы мечит курулду

2960

Лейлек районунун Кара-Булак айылында жаңы мечит курулду. Мечит Араб өлкөсүнөн келген долбоор менен курулду бул араб өлкөсүнөн келген долбоор Республика боюнча мечит, мектеп, бала-бакча куруп жатат. Акырындап Лелек районуна мечит ачып берди. image

Мечит өтө чоң жакшы шартта курулду. Кара-Булак айылында 2мечит болду. Мечиттин ачылышы 24.07.2015 болду. Ачылуу аземге Араб долбоорунан келип элди чогултуп аш берип ачып берди. Ачылыш аземде эл аябай көп болуп башка жактан келген коноктор мечит жакшы шартта курулганын айтты. Кара-Булак эли абдан ыраазы болуп АЛЛАНЫН ыраазычылыгы үчүн рахмат айтышты жана ишине ийгилик каалап өтүштү. Бул долбоорго Тогуз-Булак айыл өкмөтүнөн да ыраазычылык билдиришти.

Кара-Булак мечити
Кара-Булак мечити

Мечиттин даарат алчу жери ашканасы, жана эшиктен кирген жери жакшы шартта. Эшиктин алды асфальталып айланалары жашылдандыруу ишинде.

Кабарчы: Амантур Ганыев