Кызыл-Кыяда инвестициялык форум өткөрүлдү

693

20150723_114245

 

Баткен облусу боюнча «айыл чарбасын өнүктүрүү » Форуму Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлдү. Бул Форумга Россия, Кытай мамлекеттеринин кыргызстандагы Элчилиги жана Ири инвесторлор, Эл аралык Фонддор, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү, облус боюнча бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

 

3 обл форум

20150723_121646

Сүрөттө солдон оңго: Лейлек Акими Т. Арипов, Кадамжай Акими А. Мадумаров, Сүлүктү мэри А. Ибрагимов, Сүлүктү шаардык Кеңеши К. Исмаиловдор.

Форумдун жүрүшү боюнча  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түштүк аймактар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Каныбек Худайбердиев төмөнкүдөй маалымат берди: Өзгөчөлүү жери Форумду уюштурууга Кыргыз Илимдер Академиясы жана Экономика министрлиги шериктеш болуп, илимий-методикалык жактан көмөк көрсөттүк. Форумдун Кызыл-Кыя шаарында өткөрүүнүн дагы бир максаты, шаардагы мурда токтоп калган, айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра өндүрүүчү ири мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды инвестор тартуу менен ишке түшүрүү, кошуна Кадамжай, Ноокат райондорунун айыл чарба өндүрүмдөрүнүн сатылбай калуучу 2, 3- сортторун кайра иштетип, дыйкандарга колдоо көрсөтүү болот. Форум натыйжалуу болуп бир нече келишимдерге кол коюлду- дейт Каныбек Худайбердиев.

20150723_112615

Кабарчы:       Б. Сапаркулов