Кошбулак: Жаңы конуштун тургундары флешмоб өткөрүштү

822

20150720_171425

Кошбулактын күн чыгышындагы кошуна жайгашкан Р. Жолбаев, Ш.Джураев айылдарынын 80 чукул үй курулуп жаткан жаңы конушунун тургундары Өздөрүнүн социалдык инфраструктуралык маселелерин чечүү үчүн көбүнчө жаштардын тобуна мүнөздүү болгон «флешмоб» уюштурду.

Бул боюнча окуюга баштан аяк күбө болгон башкармалыктын жетектөөчү адиси Б. Юсупова төмөнкүдөй маалымат берди:

Жаңы конуш тургундары эркектер жана аялдар болуп баардыгы 37 киши Кошбулак аймактык посёлкалык башкармалыгынын административдик имаратынын алдына келип, жолдун эки четине катар болуп  «жакшы маанайда маек куруп» отурду. Өткөн жарандардан, Аймактык башкармалыктын адистеринен «Биздин жергиликтүү депутаттарды көргөн жоксунарбы? Алар бизди тапай калды Окшойт, ошого биз да аларды издеп жүрөбүз, бизди табуу кыйын, анткени биз жакта жол жок, свет жок, суу жок. Биз депутаттарыбызды сагындык, 3 жылдан бери көрө элекпиз»- деп тамашалуу сөздөрдү айтышты. Акырында фото сүрөттөргө түшүшүп, «ким бизди издесе берип койгула, дарегибизди да айтып койгула»- деп келген Бус авто унааларына түшүп кетип калышты.

20150720_173330

Эмнеси болсо да жергиликтүү бийлик жакшы жыйынтык чыгарып, жаңы конуштун көйгөйүн чечип берет деген үмүттөбүз.

Кабарчы:        Б. Сапаркулов