Барскоондо шахмат боюнча турнир болду

776

20150719_150105

Барскоон айылында шахмат боюнча турнир болуп ѳттү. Турнирге Жети-ѳгуз районунун 10 айыл ѳкмѳтүнѳн 20дан ашык оюнчулар катышты.

Шахмат федерациясынын тѳрагасы жана Барскоон айыл ѳкмѳтүндѳ жаштар жана спорт боюнча адиси Рашид Чылабаев тѳмѳнкүлѳрду билдирди:

“Биз мурда айыл ичинде гана ойночубуз. Райондук масштабта ойноп жатабыз. Ушундай турнирлер былтыркы жылдан бери ѳтүп жатат. Шахмат федерациясынын клубу 20га жакын жыл мурда уюштурулган. Айыл ичинде эле ойноп, ошону менен гана чектелчүбүз. Эки жылдан бери райондук масштабта ойноп жатабыз. Биздин оюнчуларда жакшы ийгиликтер бар. Мен ойлойм бул оюн уланат дагы жана кенейет.”
Оюн кызуу ѳтүп, тандан бери отурган оюнчулар Барскоон айыл ѳкмѳтү тарабынан каралган түшкү тамактанууга кечирээк барышты. Оюн кечки саат 20:00го чейин уланды.

Кызыл-Суу айылынын шахмат федерациясынын тѳрагасы жана башкы уюштуруучусу Нурбек Мааткеримов оюндун негизги максаты боюнча буларга токтолду:
“Биз шахмат ойногонубуздун себеби: бул шахмат оюну кѳптѳн бери ойнолбой ѳчүп калган оюндардын бири болуп жатат. Азыр биз ынтымакты топтоп, ѳзүбүздү, жаштарды ѳстүрүп келечектеги чыгаан оюнчуларды чыгаралы деп ойлоп жатабыз. Эн негизгиси ынтымакты кошуп, баарыбыздын башыбызды бириктирип жаткан шахмат болуп жатат. Мындан кийин дагы Кызыл-Суу айылында ойнойбуз. Бизден буюрса жакшы оюнчулар чыгып келе жатат.”
Жыйынтыгында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга грамоталар жана ортодогу байгелер берилди.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова
Аманбек кызы Саадат