Санариптик теле берүү Бакай-Ата районунда кеңири таркалууда

2086

tsifrovoe_efirnoe_televidenie

Телеберүү  санариптик форматка өткөрүү  акыркы 20-30-жылда бышып жетилди. Адистердин маалыматтарына таянсак санариптик теле берүү аналогдук телеберүүгө караганда алты эсе натыйжалуу деп айтылат маалыматта.

Бакай-Ата районун айыл аймактарынын тургундары кымбатына, эмес сапатына кызыгууда.

1381208918_cifra

Эскерте кетсек, 2014-жылдын ноябрь айында «Кыргызтелеком» DVB-T2 жана DVB-S2 стандарттары боюнча санариптик жана жандоочтук телеберүүнү ишке киргизген. Бул КРде санариптик телеберүүнү киргизүүнүн биринчи баскычы болуп саналат.

Кыргызстанда атайын кампаниянын алкагында санариптик телеберүүгө кошулуу боюнча калкка маалымат берүүдө кенен иштер өткөрүлөт, бул багытта бир катар маалыматтык телеберүүлөр жана радио уктуруулар даярдалып, www.sanarip.kg сайты ишке киргизилди. 15-майдан тартып 1212 номери боюнча сурап-билүү телефону иштеп баштайт — стационардык телефондордон жана Мегаком, Билайн, О! Операторлорунун номерлеринен акысыз чалса болот.

Санариптик теле

Санариптик берүүгө өтүү процесси глобалдуу мүнөзгө ээ. Эл аралык электр байланыш биримдиги (ЭЭБ) аналогдук телеберүүнү Европа жана Борбордук Азиянын айрым бөлүгү кирген аймакта 2015-жылдан кеч эмес өчүрүүнү белгилеген. Ошентип, мунун зарылчылыгы эл аралык милдеттемелерден келип чыгууда, себеби дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери ЭЭБге кирет.

Даярдаган: Сүйүтбеков Асан

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка