Лейлекте эс алуу басейндерине дагы бирөөсү кошулду

574

20150708_160125

Быйылкы жылы Баткен облусунун Лейлек районунда жайкы эс алууга басейндердин саны азыраак эле. Эми бүгүнкү күндө Лейлек районунун Самат айылына жаңы бир басейн курулду жана ал ишке кирди.

Бул басейн туурасынан 30метрден ашып ал эми тереңдиги 1метрден-8метрге чейин болуп курулган. Мурда бул Самат айылында таштанды бир жай болгон. Азыркы убакта сууга келип эс алып кетейин дегендердин саны абдан көп болуп жатат. Көбүнчөсү бул жерге үй-бүлөсү, жана жаштар достору менен келип жатканын билдирди басейн ээлери.

Бул басейндин терендигин коруп эле журок коркот, антсе да бул жака күндө келип түшүп кетип жаткан айыл жаштары өздөрүнүн суудагы талантын бизге көрсөтүштү. Бул балдар кыздар күнүнө келип сууга түшүп жайкы каникулду ден-соолукту чындап жатабыз дейт.

Эми дагы да районго демөорчүлөр ушундай басейнди куруп берсе жакшы болмок деп район элдери.

20150708_160128

Бул жердин кирүү акысы абдан ыңгайлуу жана арзан экенин да билдирип өтүшүбүз керек. Мисалы: бул жерге чоңдорго-80сом, мектеп окуучуларына-50сом, жаш балдарга-20сом берип коюуп канча саат кааласан түшүп жүрө бересин. Бүгүн негедир адам аябай көп болду бүгүн 100гө жакын адам эс алып кетти. Басейн ээлеринин айтымында бул жерге бир гана Самат айылынын тургундары гана эмес жалпы Лейлек район боюнча туугандар келип жатат дейт, көбүнчөсү түштөн кийин баары жумушунан кайтып үй-бүлөсү менен келип көнүлдүү эс алып жатат.

Эми сиздерге бир гана эс алууга убакыт гана бөлүшүңүз калды.

Даярдаган: Амантур Ганиев

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»