Кошбулак: Милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды чогултуу кампаниясы кайра башталды

589

20150707_110802

07.07.2015- жылдан баштап Кошбулакта жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу кайрадан башталды. Эскерте кетсек биометрикалык маалыматтарды чогултуу кампаниясы үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде токтогон болчу.

Эми шайлоо башталаардан улам кайра чогултуу иштери жүрүүдө. Себеби арадан 4 ай өтүп кээ бир жарандар паспорт алган, көчүп келген, каза болгон ж.б. ушул сыяктуу себептер менен тизмени 1- августка карата жаңылоо зарылдыгы келип чыкты.

«Бул иш-чарага Кошбулак аймактык посёлкалык башкармалыгынын бардык аппарат кызматкерлери тартылган. Ар бири бөлүнгөн чекте айыл башчылары менен биргеликте тизмени тактап коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Иш чара жумуш убактысынан кийин болгондуктан бир аз кыйынчылык болуп жатат. Эмне болсо да мамлекетибиз өнүгүп өссө болду, күн-түн дебей иштей беребиз»-дейт жетектөөчү адис Айгүл Дооранова.

Кабарчы:               Анварбек Тухтаров