Кошбулак: Токардык цехте заманбап станок орнотулду

674

20150505_141424

Кошбулакта жайгашкан Сүлүктү шаары боюнча жалгыз токардык цехке заманбап станок орнотулду. Бул цех жеке ишкер Дооран Мурзахматовдун менчик ишканасы. Цехтин өзгөчөлүгү шахтада колдонулуучу жабдууларды көбүнчө бургулоочу механизмдердин тиштерин калыбына келтирет.

Ошондой эле ширетүү, кесүү, курчутуу кызматтарын да көрсөтөт. «Мен  Бишкек шаарындагы ремонттоо-механикалык заводдо көп жыл токарь болуп иштеп жүрдүм. 6- разрядым бар. Шахталар көбөйүп жөнөкөй эле токардык кызмат үчүн 60 км Ходжент шаарына барып жүргөндөрүн көрүп, союздан калган бузук станокту сатып алып жумуш баштадым. Бул шахта иштеткендерге да мага да пайдалуу болду. Бир  аз каражат чогулттум анан минтип заманбап станок сатып алып иштете баштадым. Бул станоктун артыкчылыгы бир канча функцияны аткара алат жана электр энергиясы да аз сарпталат. Эми аз убакытта көп жумуш аткарсам болот. Анткени көмүр өндүрүшү токтоосуз иштеп туруусу керек. Бир эле токтоп калса кайра ишке түшүрүү үчүн көп каражат сарпталат. Зарыл учурда түнкүсүн деле үйүмдөн ойготуп келишет. Буйруса цехти чоңойтсом деп максат койдум. Кичүү уулум кызыгып жардамдашып жүрөт. Ошону үйрөтүп, экөөлөп  иштетебиз»- дей Токарь Дооран Мурзахматов.

20150505_141145

Кабарчы:          Анварбек Тухтаров