Андаракта мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аттуу семинар өттү

670

IMAG5555

Андарак айылынын айыл өкмөтүндө «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» максатында семинар болуп өттү. Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү аттуу долбоорду «ARIS» өкүлдөрү долбоордун үстүнөн иштеп жатышат. Семинарды өткөргөн айылыбыздын тургуну «ARIS» компаниясынын өкүлү Кудайбердиев Аззамкул долбоор боюнча буларды айтты.

IMAG5556«Долбоор боюнча айта кетсем бүгүнкү күндө бүткүл Кыргызстан боюнча ошонун ичинде Лейлек району боюнча жана да Сумбула айылы боюнча «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору бүгүнкү күндөн баштап ишке кирди. Долбоор негизинен 3-компоненттен турат.

IMAG55731-Жайыттык жаматтык башкарууну колдоого алуу.
2-Малдын ден-соолугу жана өндүрүүлүгү боюнча кызмат көрсөтүү.
3-Кошумча нарк түзүмүндөгү маркетинг демилгелери.

Ар компонентке грант бөлүнөт. Долбоор жана максаттуу топтор боюнча бөлүнөт.
Майда фермер малчылар;
Жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүчүлөр жана мал чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр;
Аялдар (үй-бүлө башчысы) башкарган үй-чарбалар жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү аялдар.
Мен силерге долбоор боюнча кыскача эле маалымат бере кеттим», — дейт Кудайбердиев.

IMAG5572«Жакшы жайыттарга барууга жана кошумча тоют менен камсыз кылууга шарт түзүү»,»Мал арасында ылаңдар жана малдын чыгымы (өлүмү) кыскарат.»Чечимдер кабыл алууда жаматтын жалпы кызыктарлыгы жана катышуусу» каралып жатат.Жана да кичи жана орто ишканалардын бизнес планын түзүү жана инвестициялоо каралууда.
IMAG5567

Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»