Куланак: Башталгыч класстын мугалимдери «Жомоктор залын» оңдоону чечти

2601

мектеп 283Аралбаев орто мектеби курулгандан бери капиталдык ремонттон өтпөгөндүктөн башталгыч класстарынын 12 мугалими жана мектеп завхозу, техкызматкерлери менен биргеликте «Жомоктор залын» оңдоону чечти.

Ремонт болуп жаткан «Жомоктор залында» иштеп жаткан Асанбекова Эркебүбү быйыл 4-класстын окуучуларын бүтүрдү. Суроолор менен кайрылганда төмөндөгүлөргө токтолду.

мектеп 282

«Биздин «Бүчүр» секциябызда 12  мугалим бар. «Жомоктор» залында жалаң башталгыч класстар окуйт. Панелдердин асты грибок болуп, залдын шыбактары түшүп жаткан. Биз өзүбүз, башталгыч класстын мугалимдер жамааты кеңешип, ата-энелер менен сүйлөшүп, өзүбүздүн окуп жаткан жомоктор залын ремонт жасайлы деп чечтик».

Жумуш үчүн керектелү каражаттын акчасын башталгыч класстардын жалпы мугалимдер жамааты өз моюндарына алгандыгын дагы баса белгиледи.

«Мектеп завхосуна эсептетип көрсөк — бир телешка кум, бир телешка топурак андан сырткары жарым тоннадай цемент кетет экен. Андан башка шпатлевкага акча бөлүштүрөлү деп жатабыз. Ага ата-энелер жардам беришет»

мектеп 276

Учурда панелдер толук кырылып, тазалангандан кийин шыбак иштери башталган. Кум шыбакты мектептин техкызматкерлери жасап жаткан учур.

Жылына мектепти жаңы окуу жылына камдоо үчүн «Жомоктор» залын жамап-жаскап келсе, быйыл өзгөчөлөнтүп жамабастан толугу менен  шыбаганга өтүштү. Жумуш үстүндөгүлөргө ийгилик кааламакчыбыз.

Даярдаган: Айзат Туменбаева

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка