Кошбулакта кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

617

20150616_233101

Кошбулакта кичи футбол боюнча көмүр өндүрүүчү ишканалардын командаларынын ортосунда достук мелдешүүсү өткөрүлдү. Бул мелдешке көмүр өндүрүп жаткан 22 жоопкерчилиги чектелген коомдун ичинен 9 команда катышты. Чыныгы спорт сүйүүчүлөргө күндүн ысыгы жана Орозо кармоо да тоскоол болгон жок. Анткени кичи футбол кечинде «таравих» намазы окулуп бүткөндөн кийин «кечки салкында» башталып таң сүргөнгө чейин уланды. «Оюнчулардын мындай шартта оюн улантуусунун себеби август айында белгиленүүчү шахтерлордун кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн чоң мелдешке даярдануу»- дейт башкы тренер Нурлан агай.