Андаракта жол көйгөйү бар

787

IMAG5475Айылыбызда жол көйгөйү бар. Айылыбыздын жолу СССРдин убагында курулганына байланыштуу азыркы кезде иш жүзүндө начар. СССР тарагандан бери канча жыл өттү бирок ушул күнгө чейин оңдоп түзөө иштери каралган эмес. Жол начардыгына байланыштуу айылыбыздын кээ бир унаалары бузулуп жатат. Азыркы кезде жолубуз начар жана иш жүзүндө чуңкурлар жана жарака кеткен жерлери аябай көп. Айылыбыздагы чоң жүк ташуучу унаалар ары-бери өтүп жолдорду бузук абалга келтирген. Бул гана себеп эмес бир кыйла жылдан бери оңдоо иштери болгон эмес.IMAG5474
Бирок бул көйгөй 4-5 жыл аралыгында жол оңдоо ишинен өтөт дешүүдө. Бул кабарды уккан жергиликтүү айдоочулар да сүйүнүп жаткан убагы.

Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»