Куу-Майданда мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды

1912

20150624_122812Бул «Байыш» мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылганына аз эле болду. Мекеме 40 балага ылайыкташтырылып даярдалган. Биринчи жардамды жергиликтүү айыл өкмөт берип мекеменин ремонтуна жумшашкан. Ал эми жалпы ремонтун жергиликтүү уста Расул Алиев өз мойнуна алган мекменин ремонту толук бүткөн.

Мекеменин башчысы Рахманали кызы Жибектин айтуусунда, азыркы келген ар бир баладан 700 сом взнос алынат. Ошондой эле жаңы ачылганына байланыштуу 15 эле бала тарбияланып жатат. Бул жердеги балдардын жашы 3 жаштан 6 жашка чейин.

«Учурда мекеме бюджетке кире элек, ошондуктан тарбиячы менен ашпозчунун айлык маяналары жамааттык эсептен каржыланат», — дейт Жибек Рахманали кызы.

20150624_121416«Байыш» балдар мекемесинде учурда бир тарбиячы, бир ашпозчу эмгектенет. Жакында тайпа балдарга толсо тарбиячыларды жумушка алмакчы.

Мекменин көйгөйлөрүнүн бири — балдардын сыртта ойноочу аянтчасы жок. Ошондой эле Ноокат районунун акими Бекболот Айтиевич тарабынан 24 миң сом акчалай жардам көрсөтүлгөн жана жергиликтүү жаштардан, башчынын туугандары тарабынан ар кандай демөөрчүлүк жардамдар берилген.

20150622_111547Балдарга эрте менен сүт тамактары жана түштө ыссык тамактар берилет. Тамак даядоо ашпозчу Данагүл айымга милдеттендирилген.

Тарбиячы Таирова Жыпаргул эженин айтымында, балдар биротоло жазганды, тамгаларды айтканды, сүрөт тартканды кызыгуу менен үйрөнүп калган.

20150622_112128Куу-Майдан айылындагы «Байыш» мектепке чейинки билим берүү мекемеси учурда келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерди кабыл алууга эшиги ачык.

20150622_112936Даярдаган: Курсантбек кызы Аймончок

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»