Үч-Коргондук Шакиржан күнүнө 40 литрден өрүктүн ширесин жасап сатат

720

Шакиржан Шакиров өрүк шербетин бир чынысын 15 сомдон сатат жана бул шербеттин дарылык касиети да көп ички оорууларга жана жүрөк орууларына да пайдалуу.1ee699dfedc36559b31e0f7c5a793243_500_0_0Шакиржан Шакировдун билдиришинче , өрүк шебетин  даярдоонун өзүнүн сырлары бар, даарыланбаган, кара өрүктөрдү жууп, тазалагандан кийин атайын дакиден өткөрүп, кайнатат.  2384f5ed5ebbe86dec679f727c13308c_500_0_0“Кайнатылган өрүк тунган соң, аны муздатып, атайын идиштерге куям анан сатууга даяр болгон экологиялык таза суусундуктарды Баткен-Ош унаа жолуна алып чыгып, сатам, күнүнө 1000 сомго чейин пайда көрөм”. Тапкан кирешени пайдалуу жумуштарга коротом253458e7e7f688872c5a5c0ef235bccc_500_0_0Жайдын ыссык күндөрүндө даамдуу шербетти сатып алуучулардын саны көбөйөт. Сатып алуучулар көп болгондуктан айрым учурларда жетпей да калат. e1abb19854f71a95bc56f0e324f6b98b_500_0_0

Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.