Сумбула: Табиятты сактайлы!

2845

20150416_125357

Баткен  облусуна караштуу Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын кооз жайлоосу бар. Ошол жайлоого келип эс алып кеткен адамдар арбын.

Бул жайлоо  өзүнчө эле  бир керемет.  Жайлоодо  да  өз  аты  менен  таанылган  жайлоолор көп. Мисалы: көл, көлөй, айна-таш, эрик , сарт-кол, бүтөө, саркент, тоо-жайлоо жана башкалар. Бул жайлоолордун өзгөчөлүк жактары жайлоолордо арчалар көп. Анан да таза суу, аппак мөңгү шарылдап аккан шарылдактар жана өзгөчө булактары бар. Эс ала турган дачалары бар. Бирок адамдар көбүнчөсү дачага кирбей, атайын өздөрү кол чатыр алып келип, эс алып кетишет.20150416_125358
Эми бул маалыматтын максатына өтсөк бул кооз көрүнүштөгү табиятты сактоо. Ушундай көрктү азыртадан сактабасак кийин кеч болуп калат. Бул дегенибиз жаратылышты арчаларды, сууларды, мөңгүлөрдү сакташ жан бир нерсе бул токойдо жүргөн жаныбарлар, ушул жаныбарларды да жакшына карабасак албетте булар да жок болуп кетиши мүмкүн.

20150416_125401Караш деп бул тамак-аш же жашай турган жери емес бул аларды атып кырып жок кылбоо дегендик дейт айыл тургундары. Албетте бул жумушка лесник агаларыбыз да жардамы чоң деп айтып кетебиз. Анткени алар түнү-күнү токой коргоп адал иштеп жатышат.Егер алар да мындан ары адал иштеп ушундай көйгөйдү тез ара тренингтерди өтүп турсак анда биз жаратылышыбызды коргой алабыз деп билдирди айыл эли.
20150416_125406
Келечегибиз өз колубузда!

Даярдаган: Амантур Ганиев

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»