Үч-Коргондогу тигүү цехи аялдарды жумуш менен камсыздоодо

1752

IMG_20150620_122059

Дадаханова Машхура «Машхура» тигүү цехин эки жылдан бери жетектеп келет.

«Цехтин ачылганына эки  жыл болду, ушул эки жыл ичинде көптөгөн иштерди жасаганга жетиштик. Жаш кыз-келиндерди тигүүгө үйрөтүп, көптөгөн шакирттерди чыгардык. Жаш кыздар тигүүнүн сырларын мыкты үйрөнүп, турмушка чыкканда кыйналышпайт”, деп билдирди Дадаханова.

Айыл тургундарынын  билдирүүсүнө караганда кыз-келиндер чеберчиликти үйрөнүп, көйнөктөрдү тигип, арзандатылган баада айыл тургундарына сатышат.IMG_20150620_121947Кыз-келиндер чеберчиликти мыкты деңгээлде үйрөнгөн соң, турмушка чыга турган кыздардын көйнөктөрүн да келишилген баада тигип беришет.IMG_20150620_122319Нафиса Махмудова  аталган цехте тигүүчүлүк менен эмгектенип келүүдө.

“Тигүү цехибиздин айылга пайдасы өтө чоң десем  жаңылышпаймын. Анткени бул жерде айылдагы көпчүлүк кыздар жана келиндерге ылайыктуу ар кандай көйнөктөр тигилет”, — деп бөлүштү Махмудова.IMG_20150620_122144Цехти ачуу менен он аялды иш менен камсыз кылып, жумушсуздукту жоюу боюнча аз болсо да өз салымыбызды кошуп жатабыз, дейт Дадаханова.IMG_20150620_122110Даярдаган: Сабыр уулу Шумкарбек

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка