Андарактык волейболчулар көптү үмүттөндүрөт

731

image

Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында быйыл спортзал курулган. Ошондуктан бул мектептин окуучу спортсмендери биринчи эле волейбол менен башташты. Кезектеги маегибиз ошол спортсмендер боюнча болмокчу.

Волейбол — спорттун кол менен ойноло турган түрү. Бул спорт мамлекеттер боюнча кеңири таралган спорттук оюн.

Спорттун бул түрүнө кызыккан Манас орто мектебинин окуучулары спортзал ачылгандан кийин эле оюнду башташты. Анткени мурда ойной турган шарттуу спортзал жок болгон.

image

Мына эми ушул спортзалга мыкты деген спортсмендер чыгат деген ишеничтебиз.
Волейбол боюнча кружок сабактар болуп жатат. Андан балдарга Алдашов Гасидин агай, кыздарга Батыров Жумабек агай берет. Быйылкы жылы балдардын жана кыздардын топтору зоналык турдан  1-орунду алышты.

Эми бул балдар райондук турга да барышты. Райондо эн мыкты деген командалар болду. Бул спортсмендер эмки жылы районду 1-орунду багынтабыз деген ишеничте.

Эгер спортсмендер ушул даража менен машыкса, анда Лейлектин спортсмендери өнүгөт, дейт спорт агайлары.

image

Даярдаган:  Амантур Ганиев

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»