Сары-Булун: Тажрыйбалуу ийгиликтуу айым.

2645

Талыкпай  эмгектенген эжебиз  Чолпонай  Женишова  Америка,  Германияга   иш сапары   менен  барып кайтты.

DSC_0166 

Саламатсызбы? Сиз азыркы учурда Тогуз-Торо райондук социалдык онуктуруу башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенесиз ушул кесипке чейин кайсыл тармактарда эмгектенип журдунуз?

               1999 — жылы Тогуз – Торо районундагы «Макмал» орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип журуп, кошумча « Седеп» аялдар коомдук  бирикмесинин тороайымы болуп иштеп да калдым. Ошол мезгилде «Хельветас — Кыргызстан» эл аралык уюму  Айылдык кенеш кызматына конкурс жарыялады. Бул конкурстан мен жогорку балл алып Айылдык кенеш кызматында жалпы профильдеги кенешчи болуп калдым.

Айылдык кенеш кызматында бизди ай сайын жаны ар кандай темаларда тренинг-семинарларды, тажрыйба алмашууларды, эксперименттерди жер-жерлерде коргозуп, бизди ар тараптуу кенешчи кылып тарбиялап чон адамдарды окутуунун методикаларын уйротуп чыкты. Баягы айылдык жонокой мугалимди Айылдык кенеш кызматы айыл чарбасы, экономика, гендер, маркетолог, тренер кылып кайра даярдап жаны кесиптин ээси кылды. 6 жыл ичинде райондук, областык, республикалык ярмарка-выставкаларда озубуздун даярдаган ишибиздин жыйынтыктарын коргозуп журдук. Айылдын жашоочуларына жер айдоонун сырларын, эксперименттик жаны сорттогу жашылча жемиштердин уроондорун остуруп жайылттык. Аялдарды сутту кайра иштетуудо сгущенное молоко, сыр жасоо, жунду уютуп жасоо, табигый боекторду пайдалануу, уй-булодо бухгалтердик учет жургузуу, ж.б окутуп коптогон жаны нерселерди жайылтып семинарларды, жеке жана топтук кенештерди ар бир айылда откоруп журуп эл менен жакындан таанышып иштеп келдим. 2003-жылы Айылдык кенеш кызматында иштеп журуп 10-ноябрь Жаштар кунуно карата Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Алтын Диплому» менен сыйланып Жаштар сыйлыгынын Дипломанты болгом.

2005-жылдан 2010-жылга чейин ишимдин ийгилигинин артында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары болуп эмгектендим.

Азыркы учурдагы эмгектенген оордунуз жонундо соз кыла кетсениз?

Бугунку кундо Тогуз-Торо райондук Социалдык онуктуруу башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенуудомун. Райондук башкармалыктын ишибиздин максаты оз учурунда сапаттуу социалдык кызмат корсотуулорду беруу, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, жашоо тиричиликтин оор кырдаалына кабылган уй-булолорду жана балдарды натыйжалуу социалдык коргоо менен камсыз кылуу, гендерлик тендештикке жетуу боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Америка болгон иш сапарыныз  жонундо айта кетсениз? 

Тогуз-Торо районунун тарыхында Бириккен Улуттар Уюмунун Америка өлкөсүндөгү штаб квартирасында 2014-жылдын 9-20 март күндөрү өткөргөн иш чараларына биринчилерден болуп катышып келдим. БУУнун Аялдардын Статусу боюнча Комитеттин 58 сессиясынын катышуучусу болдум. Кыргызстандан сессияга Жогорку Кенештин депутаты Айнуру Алтыбаева, КР социалдык өнүгүү министирлигинин Гендердик бөлүмдүн башчысы Бейшеева Назгүл, Кыргызстандын Аялдардын өкмөттүк Эмес Уюмдарынын Форумунун (АӨЭУФ) президентти Жанаева Нургуль, аткаруучу директору Стакеева Бермет, долбоордун координатору Картанбаева Чынара, ассистенти Койчуманова Зарима,  «ДИА»КБ башчысы Авазкан Ормонова, Тоң райондук Эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы Дамира Раимбекова, Ош областындагы мектептин директору Романова Нуржамал болуп катыштык.            БУУнун дүйнөнүн өлкөлөрүнөн келген өкмөт мүчөлөрүнүн сессиясына дагы катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул сессияда ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрүнүн Комитеттин алдында берген отчетторун угуп, тааныштык. Кыргызстандын АӨЭУ Форуму эки паралелдик сессия өткөрдү: 1-сессия 2014-ж 11- мартта — «Айылдык аялдар: Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан — Туруктуу өнүктүрүү максаттарына», жана 2-и сессия —  12 март 2014-ж.  «Борбордук Азиянын Аялдары: Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан жаңы өнүгүү максаттарына: жоготкон жана жаны мүмкүнчүлүктөр». Бул сессияларда «Кыргызстандагы айылдык аялдардын көйгөйлөрү жөнүндө» сүйлөөгө мүмкүнчүлук беришти. Дүйнө жүзүнөн 200дөн ашык мамлекеттердин өкүлчүлүгү катышып сессия 12 күнгө созулду. Ар тараптан келген сессиялардын катышуусунда бизге сабак болчу көп тажрыйба алмашууга, донорлор менен пикир алууга дагы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

DSCN3560

Негизинен карап көргөндө аялдардын көйгөйлөрү бардык жерде бирдей экенин салыштыра алат экенсиң, керек болсо өнүккөн өлкөлөрдө дагы аялдарга карата зордук-зомбулуктун болушу бизди таң калтырды.  Мага жакканы көпчүлүк өлкөлөрдүн аялдарынын социалдык-экономикалык, саясаттагы маселелерди чечүүгө активдүү катышкандыгы болду. Нью-Йорк шаарында окуган — үйрөнгөн көргөн, билгендеримдин баарын бүгүнкү күндө маалымат чогулуштарын, тренингдерди өтүп маалымат ирээтинде берип жатам.

Менин оюм боюнча, алыскы тоолуу айылдарда жашаган аялдарды ушундай БУУнун иш чараларына катышканга мүмкүнчүлүк тузүлүп турса, биздин натыйжалуу иш алып баруубузга шарт түзүлөбү деп ойлойм.  Ошондой эле биздин иштерибизге чоң стимул, моралдык колдоо көргөзүп берген биздин жогорудагы атын атап кеткен демөөрчү донорлорубузга чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Германияга болгон иш сапарыныз?

2013-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясын бутурдум жана ошондой эле Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаты болуп сертификатына жана Магистр академиялык даражасына ээ болдум.

2014-жылы жогорудагы академиянын бутуруучулорунун арасында конкурстан отуп Германия мамлекетинин Бавариядан Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иш тажрыйбасы боюнча стажировкадан отуп, Бавариядагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын сертификатына ээ болдум. Стажировкада Таджикистан, Казахстан, Кыргызстандан жалпы 16 бутуруучу бардык. Алган иш тажрыйбам боюнча келип 40 адамга 2 жолу микротренингдерди отууго жетиштим.

China_Abfallwirtschaft_viele

Премьер министрден алган Ардак Грамотаныз

Мамлекетке   синирген  озгочо  эмгегин  баалоо  иретинде Окмоттун   “Ардак Белгиси” кошо ыйгарылып, Кыргыз Республикасынын окмотунун “Ардак Грамотасы” менен  сыйландым.

Маегинизге чоон рахмат ишинизге  ийгиликтерди каалайбыз,  дагы да болсо ийгиликтерди      багындырып журо бериниз.

Даярдаган:  Мааметова.А