ТАШ-КӨМҮР: ЧАЧТАРАЧ – ДАМИРА ЖОРОЕВА

920

1

Дамира Жороева Таш-Көмүрдө жашайт. Ал 4 балаын энеси. Буга карабастан Дамира үй тиргиликти да, жеке ишкерчиликти да алып барат. Ал биздин шаарыбызда сулуулук салону менен белгилүү “Орифлейм”, “Эйван” косметикалык фирмалардын консультанты болуп иштейт.

Балачагынан эле Дамира чачтарач болууну каалаган. Ал өзүнүн үйүндө балдарынын, тааныштарынын чачтарын кыркып, жасалгалап жүргөн. Андан соң имарат сатып алгандан кийин өзүнүн суулук салонун ачты. Ал буга аябай кубанат. Анткени анын балалык кыялы орундалды. “Бул тармак мага чын дилим менен жагат” – деп кошунчалайт Дамира.

2

Салон ачылышы менен кардарлар көбүлөөк келе башташты үйдөгүгө салыштырмалуу. Салонго жаштардан баштап улгайган аядарда келишет. Балдарга жана пенсионерлерге Дамира 30% наркынан төмөн алат.

3

Келечекте Дамира жетишкендиктеринде токтогусу келбейт. Ал өзүнүн салону менен бирге мейманкана тармагында бизнес жүргүзүүнү каалайт. Дамира бул тармакта да катар ийгилик күтүп тураарына ишенет, себеби кандай иш баштабасын анын кыйынчылык учурларында жолдошу жана балдары тарабынан колдоо көрсөтүүлөт. Алар бизнестегидей эле үй иштеринде да жардам беришет.

Авторлору: Диана Исланбекова, Нигина Гаранишева, Бермет Максатбекова