Токтоян: Туңгуч лексиколог Кусеин Карасаев айылыбыздын сыймыктуу адамы

3319

IMG_20150603_160433

Кусейин Карасаев айылыбыздын сыймыктуу адамы. Анткени ал 1905-жылы Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында тѳрѳлүп, турмуштук жолун дал ушул айылдан баштаган. Кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог. Филология илимдеринин кандидаты, профессор (1966-ж), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.

 Алладан тилегеним үчѳѳ гана:

Биринчи ден соолукта эсенчилик,

Экинчи-берекелүү кененчилик,

Үчүнчү-жалпы элиме бейпилчилик!”-Бул саптар залкар инсан Кусейин Карасаевдин калемине таандык.

Ѳмүр жолу  азыркы учурда интернет булактарында бул улуу инсанды Талды-Суулук деп алмаштырып жазып жатышат, бирок ал  1905-жылы 5-январында Ысык Кѳл областынын Түп районуна караштуу Токтоян айылында тѳрѳлгѳн. 1946-жылдан тарта КПССтин мүчѳсү. Эски мектептен кат тааныган. Алгачкы билимди Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен алган.  1931-жылы Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун бүтүргѳн.

Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири. Ал кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. 1966-жылы Карасаев тарабынан чоң “Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү” аттуу (60 000 сѳз) жарык кѳргѳн.

Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун, котормо теориясына да сиңирген эмгеги бар. Буга анын “Котормо жайында”, “Манас”, “Кыргыз ырларынын түзүлүшү” деген макалалары далил.

Кусейин атабыздын элдик оозеки чыгармаларды жыйноо, котормо ишине да кыйла салым кошкон. Семетей баш болгон жомок дастандарды жыйнаган, 1931-жылы айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди Фрунзе шааарына алып келип, маданий илимий журтчулукка тааныштырып, андан “Манас” эпосун жазып алууну уюштурган.

М.Горький, А.Радищев, Л.Крючковский, Р.Тагор ж.б жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Бишкек Гуманитардык университети улуу инсандын атыналып жүрөт. Шаардагы Кыргыз-түрк лицейи да бул инсандын атын алып жүрѳт.

IMG_20150603_160600

«Камус наама» аттуу китеби

Жарык кѳргѳн эмгектери. Сѳздүктѳрү

*Русско-киргизский словарь (И.А. Батманов менен бирге) Фрунзе-Казань, 1938ж

*Русско-киргизский словарь (Ж.Шүкүров, Юдахин м.н бирге) 1944 ж

*Орфографиялык сѳздүк (Ю. Яншансин м.н бирге) Фрунзе 1966 ж

*Түгѳйлүү сѳздѳр (А.Карасаева м.н бирге) Фрунзе 1971ж

* Семантика падежей в киргизском языке, Труды института языка и литературы Фрунзе 1944 ж

*“Накыл сѳздѳр”

*“Күлкүнаама”

*“Камуснаама”

*1990-жылы О.Сыдыковдун “Тарых кыргыз Шадмания” аттуу китебин  азыркы тамгага ѳткѳрүп, ага баш сѳз жазган.

*Кыргыз ырларынын түзүлүш системасы жѳнүндѳ, “Советтик Кыргызстан 1946ж.IMG_20150420_114551

Азыр Токтоян айылында Карасаевдин жакын туугандары бар. Алардын бири Гүлбарчын Шарапова тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди:

“Биз Кусейин Карасаевдин Токтояндагы жакын туугандарынанбыз. Биздин  чоң атабыз менен ал киши бир тууган. Мурда энемдер тирүү кезинде Токтоянга бат-баттан каттап турушчу, биз кой союп сыйлачубуз. Ал атабыздын аткарылбай кеткен максаттары бар экен, ошолорду жубайы Айша Карасаева аткарып “Кылым карыткан ѳмүр” деген китебинде камтыган, ошол китебин бизге да алып келип берген. Азыр Алтынай, Люся деген кызы жана Аскар деген небереси бар катышып турабыз.”-деп билдирди.

IMG_20150602_192308

Элүүнчү жылдардан 70-жылдардын ортосуна чейин жаштарга билимин берип, Кыргыз Мамлекеттик университетинде мугалим болуп келип ардактуу эс алууга чыккан профессор Кусейин Карасаев 90-жылдарда жашы 90дон ашса да, карылыгына карабай чыгармачылык устаканасында белин бек бууп эмгектенген. Азыр ал кишинин кѳзү ѳтсѳ да эмгектери эл арасында жашап жүрѳт

Даярдаган: Адина Осмонова