Үч-Коргон: интернет клубдарынын жаштарга тийгизген таасири

985

wpid-20140527_094524

Акбермет Назарова  Кызыл-Кыя шаарынын тургуну: “Акыркы учурда мектеп окуучулары интернет клубдарга барып, комьютердик оюндарга убактысын көп коротуусу адатка айланып калды. Балдарынын сабакка барбай жатышы, башка иш менен алек болуп жүргөнүн ата-энелер байкабай да калышат. Менин оюмча жаштар интернетти туура эмес пайдаланып жатат. Азыркы учурда техника тез өнүгүп, бирок жаштар техниканын терс жактарын көбүрөөк алышууда”, деген пикирде.

Үч-Коргон айылынын тургундарынын айтымына караганда балдарга бош убакыт калтырбоо керек. Балдарды интернет клубдан алыстатыш үчүн ата- эне да чоң роль  ойнойт, себеби бала үйгө барганда ата-эненин карамагында болот. Бала акча сураганда ата- эне бере бербеш керек. Негизи балдардын таалим тарбиясы начарлап баруусу көзөмөлдүн жоктугунда, — деп айтышат.image-285

Жыйынтыктап айтканда бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жана өспүрүм жаштар интернет клубдарына барып ар түрдүү оюндарды ойноп, видеолорду жүктөп бири-бирине таратып, керек болсо алардагы окуялардын каарманы болуп алганы эч кимди ойлондурган маселе болбой калган, — деп маалымдайт айыл тургундары.

Даярдаган: Арипов Атабек