Үч-Коргон айылында майып балдар мектебинин окуучулары устачылык жана тигүүчүлүктү үйрөнүп чыгышат

728

Үч-Коргон айылындагы тарбиялык мектеп интернатында Замира Раимжанова директор болуп 8 жылдан бери эмгектенип келүүдө.64231_g«Биздин мектеп негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан балдарды окутуп тарбиялайт жана алардын ичинде предметтик сабактардан жетише албаган балдар да көп жана балдар үчүн компьютердик канаалар ачылган алар билим алганга жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар», — деди ал.64228_gДиректордун маалыматында, бул интернат мектебинде 9 класс бар жана ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген программалар менен окуучулар окутулуп келүүдө.64233_gЗамира айым билдиргендей, бул окуу жайы 1976-жылы ачылып, пайдаланууга тапшырылган жана бүгүнкү күндө кайрадан оңдоо иштери жүргүзүлгөн.  Мектеп жамааты көптөгөн демөөрчүлөр менен иштешип, өздөрүн каржылаганга да аракеттенишет.64232_gМүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн күнүнө 4 маал тамак берилет. Анда жатакана, кыздар үчүн тигүү цехи, жигиттер үчүн устачылык ийримдери ачылган. Балдар бош убактыларын ушул жерде өткөрүшөт. Окуучулар азыркы учурда жайкы эс алууга кетишкен.64226_gДаярдаган: Сабыр у Шумкарбек

Сүрөттүн автору: Арипов Атабек

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка