Үч-Коргон: 14 жаштагы Абдурахим пластилинден оюнчуктарды жасайт

760

58447_g

Үч-Коргон айылынын 14 жаштагы тургуну пластилинден оюнчуктардын түрүн жасайт. Ар тараптуу таланты менен эмгектерин жаратып жаткан Абдурахим өлкө башчысынын атайын белегине да ээ болгон. Абдурахим сабагын дагы мыкты деген бааларга окуй тургандыгын айтты Ал А.Пушкин атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу.

«Мен мектепте жакшы окуйм жана пластилиндерден оюнчуктарды жасайм. Мындан сырткары ырдайм, сүрөт тартам, ар кандай сынактарга катышам. Алардан биринчи орундарды алгам», — деди Абдурахим. Анын апасы Сония айым уулун көптөгөн сынактарга өз күчү менен катышып жаткандыгын кошумчалады.

58442_g

«Мен балама мүмкүн болушунча колдоо көрсөтөм. Көптөгөн сынактарга өз күчү менен катышты мен ойлойм ар бир ата-эне өз баласына жашынан кам көрүүсү керек деп. Баланын ою менен кызыгып аны менен сүйлөшүүгө да убакыт жаратуусу керек», — деди Сония айым.

58445_g

Ал кошумчалагандай, Абдурахим «Жаш милиционер» сынагында эң мыкты макет жасагандыгы үчүн өлкө башчысынын атайын сыйлыгын алган. Үч-Коргондо таланттуу жаштар көп кездешет кийинки жаңылыктарыбызда Абдурахим менен болгон маегибиздин  видео репортажына күбө боло аласыздар

Даярдаган: Арипов Атабек

Сүрөттүн автору: Арипов Атабек