Үч-Коргон айылында көз ооруларын дарылоо боюнча жеке менчик оорукана ачылды

1732

IMG_20150515_124136

Үч-Коргон айылында алгачкы ирет көз оорууларын дарылоо боюнча жеке менчик оорукана ачылды. Бул тууралуу оорукананын ээси Жоро Хасанович: “Биз өзүбүздүн үйүбүздү ушунтип көз ооруулары боюнча жеке менчик оорукана ачтык. Эл үчүн кызмат кылууну максат кылып койдук”.

IMG_20150515_124739

Өзүм Фрунзалык медицина мамлекеттик окуу жайын 1975-жылы  бүтүргөм.  Окууну бүтүрүп келгенден кийин Кызыл-Кыя шаарык көз ооруулары бөлүмүндө ушул күнгө чейин эмгектенип келдим”.

IMG_20150515_125545

Азыркы учурда Хасанович пенсияда бирок ага карабастан  эмгектенүнү токтоткусу келбегендигин айтат.  Жаштарга орун берүү керектигин жана алдыда көп максаттары бар экендигин да билдирди. Бүгүн 20-май бул оорукананын  ачылышы болуп өттү.  Бөлмөлөр жарык заманбап жана бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган шаттар менен камсыздалган.

IMG_20150515_124218

Даярдаган: Гулиза Жээнбаева