Кызыл-Жылдыз: Айылдагы алгачкы парк

610

IMG_3138

Нарын районунун Кара -Чий айылынын демилгелүү тобунун аракети астында Шераалы атындагы парк курулуп жатат .
Бул тууралуу айыл тургуну Шераалиев Кадыркул билдирди.

Анын айтуусунда Шераалы атанын балдары 85000 сомго парктын айланасын тосуп беришти.

Айылды жашылдандыруу максатында чет элдик гранттардан 3000 бак-дарак алынып келинип, айыл элинин жардамы менен отургузулду.
Буга чейин Кара-Чий айылында парк болгон эмес .

Алия Максат кызы. “Кара-Чий” жамааттык мультимедия борбору.