Жерге-Тал: Мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган инвестиция

818

20150515_105344

Ушул жылдын 15-май күнү Жерге-Тал айылында “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору боюнча тегерек үстөл болуп өттү.

Аткарылган жумуш иштери боюнча жайыт комитетинин төрагасы Алмаз Өмүров төмөнкүлөрдү билдирди:

— Жерге-Тал айыл аймагында «АРИС» уюму тарабынан 2011-жылы 200 миң сом, ал эми 2012-жылы 250 миң сом акча каралып, жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалган. Быйылкы жылдан баштап «АРИС» тарабынан IFAD эл аралык уюмунун каржылоосунда 58 миң АКШ доллары каралмакчы.

Тегерек столго Швецариядан жана Япониядан келген өкүлдөр да катышып, долбоор боюнча жакшы деген бааларын беришти.

Иш чаранын негизги максаты Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык- экономикалык деңгээлин көтөрүү.

Жерге-Тал айыл аймагы боюнча жалпы жайыт аянты 72 миң 481 гектар. Анын ичинен 43 миң 141 гектары азыркы учурда пайдаланылууда. Калган 29 миң 340 гектар жайыт жолдун начарлыгынан жана алыстыгынан улам пайдаланылбай келет.

Элиза Темирбекова. “Мейки” жамааттык мультимедиалык борбору.