7-майда Үч-Коргон айылында Улуу ата мекендик согуштун 70 жылдыгына салтанаттуу майрам өткөрүлгөн. Бул майрамда Үч-Коргон айыл башчысы сөз алып согуш ардагерлерин жана айыл тургундарын куттуктап өттү.
Жеңиш эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылышка жалпы айыл тургундары катышышкан.Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айылынан согушка 1300дөн ашык адам кеткен. Алардын ичинен 505 адам каза болгон. Бүгүнкү күндө жалпы Баткен облусу боюнча 16 гана ардагер тирүү.
Алардын урматына айылдын кире беришине эстелик орнотулган.Бул жылы кайра калыбына келтирип, салтанаттуу түрдө ачылды.
Майрамга Үч-Коргон айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Ж.Разаков, Үч-Коргон айыл округунун төрагасы, айыл тургундары катышты.
Эстеликтин алдына гүл коюлуп, расмий куттуктоолордон кийин парад өткөрүлдү. Парадтан ч-Коргондогу жалпы мектеп жамааты, бала бакчалар жамааты,оруу каналардын жамааты жана мекеме ишканалар өтүшкөн.
Мектеп окуучулары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп, параддан өтүштү.
Соңунда мектеп окуучулары тарабынан келген конокторго жана айыл тургундарына концерттик программалар тартууланды.
Даярдаган: Арипов Атабек