Үч-Коргон айылында улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата борбордук аянтта оңдоп-түзөө иштери башталды. Үч-Коргондун борбордук аянтындагы 1941-1945 жылдардагы курман болгон баатырлардын жаркын элесине орнотулган эстеликтерди кайрадан оңдоо иштери жүрүп жаткан учуру.
Бул туурасында Тажибаев Шавкат билдирди. Ал Үч-Коргон айыл өкмөтүндө аскердик каттоо бөлүмүнүн адиси болуп эмгектенет.
“Улуу жеңиш майрамына карата бизде жакшы даярдыктар көрүлүп жатат жана бул жерде көрүп турасыздар эстеликке кошумча жанында жаңы чоң жылдыз орнотулуп жатат” , — деп токтолду ал.
Жалпы аянтты оңдо иштери үчүн айыл өкмөт бюджетинен 900 миң сом каралган. Мындай иш-аракеттер ар жылы май майрамдарына карата уюштурулуп келет.
Даярдаган: Арипов Атабек